Коом

Светлана Аширова Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп дайындалды

Аширова Светлана (Асланайым) Адыловна маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, 2024-жылдын 23-октябрынан тартып Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп дайындалды.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, жаңы директорду эмгек жамаатына министр Алтынбек Максүтов тааныштырды.

Ал эми цирктин мурдагы директору Рыскул Боромбаев башка кызматка кетип жаткандыгына байланыштуу өз арызынын негизинде кызматынан бошотулду.

Белгилей кетсек, Светлана (Асланайым) Аширова бүгүнкү күнгө чейин аталган циркте көркөм жетекчи кызматында эмгектенип келген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button