Коом

Бишкектеги батыш автобекети ишин токтотту

Бишкек шаарынын Алмата 1/1 дарегинде жайгашкан “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасы штаттык режимде ишин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Бүгүнтөн баштап батыш автобекети, анын ичинде «Акжол» кичи автобекети ишин толугу менен токтотуп, аны көчүрүү боюнча иш жүргүзүлдү. Буга чейин батыш автобекети жана «Акжол» кичи автобекети тейлеген бардык каттамдар «Бишкек автобекети»муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетинен жөнөйт.
«Белгилей кетсек, «Бишкек автобекети» муниципалдык ишканасы эл аралык, шаар аралык, облустук жана шаар четиндеги каттамдарды тейлейт. Учурда, шаардыктарга жана борбор калаанын конокторуна ыңгайлуу болуш үчүн, батыш автобекетинен жана «Акжол» кичи автобекетинен «Бишкек автобекети»муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетине чейин автобус каттамы уюштурулуп, жүргүнчүлөрдү ташып жатат»,- деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button