КоомСаясат

Садыр Жапаров беш кишини генерал наамынан ажыратты

Президент Садыр Жапаров ички иштер министринин мурдагы орун басарлары Алмазбек Орозалиевди, Мирлан Каниметовду, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) мурдагы башчысы Малик Нурдиновду милициянын генерал майору наамынан ажыратты.

Андан тышкары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Талантбек Салиев менен УКМКнын 9-кызматынын экс-жетекчиси Санжарбек Эркинбаевдин генерал майор аскердик наамы алынды.

Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров 10-октябрда кол койгонун президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Ал аскердик наамдар убагында мыйзамсыз берилген деген негиз менен алынганын айтты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button