Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 25-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам Кыргызстан элинин маданиятын өнүктүрүү, адамдын укугу менен эркиндигин кемсинтпеген үрп-адаттарды жана салттарды сактоо максатында кабыл алынган.
Кабыл алынган мыйзам “КР музейлери жана Музей фонду жөнүндө” мыйзамдын 18-беренесинин 1-бөлүгү “санжыра музейлери” түшүнүгүнүн аныктамасын караштырган 11-пункт менен толуктоо киргизүүнү караштырат.
Алсак, кабыл алынган мыйзамга ылайык санжыра музейлери – адамдардын туугандык өз ара байланыштары, уруулардын тарыхы, айрым адамдардын теги жөнүндө материалдарды чогултууну, сактоону, изилдөөнү жана жайылтууну, ошондой эле туугандык байланыштарды аныктоону, муундар боюнча жазмаларды жана санжыраларды түзүүнү жүзөгө ашыруучу тарыхый тармактагы музейлер болуп саналат.