КоомКылмыш-кырсык
Жалал-Абадда жер титиреди
Жалал-Абад облусунун аймагында 30-октябрь саат 21:07де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Чарбак айылынан түштүк-чыгышка карай 5 чакырым, Көк-Алма айылынан түштүккө карай 6 чакырым, Кады айылынан батышка карай 7 чакырым, Көк-Жаңгак шаарынан түндүк-батышка карай 25 чакырым жана Жалал-Абад шаарынан түндүк-чыгышка карай 35 чакырым аралыкта жайнашкан.
Калктуу пункттар — Чарбак жана Көк-Алма айылдарында жердин силкинүүсү 2 баллга чейин сезилген.