Коом

Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылды

Борбор калаада Чүй проспектинин Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык.
Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматынан бул көчөнү кесип өткөн көчөлөрдө да Фрунзеден Киев көчөсүнө чейин унаалар үчүн чектөө бар экенин белгилешти.

Мунун баары борбордук аянтта Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине карата парадга даярдыкка байланыштуу жасалган.
Иш-чаранын өзү эртең, 1-ноябрда, болмокчу. Жолдор параддан кийин гана ачылат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button