КоомКылмыш-кырсык
Жумгалда жоголгон ата-баланы издөө үчүн 107 адам чыкты
Жумгалда мал кайтарып кетип дайынсыз болуп жаткандарды издөө иштери бүгүн 07:45те башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен ӨКМден жана ИИМден 81 кызматкер, жергиликтүү жарандар менен жалпы 107 адам тартылды. Издөө иштери жеринде министрдин орун басары Урмат Шамыркановдун жетекчилигинде жүрүүдө.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 16-октябрь күнү ата-бала мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн.
Кошумча маалымат берилет.