КоомКылмыш-кырсык

УКМК: Өзгөчө ири өлчөмдөгү метамфетамин – баңги затын ташуу менен алектенген эл аралык баңгизат тобунун ишине бөгөт коюлду

УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин көмөгү менен эл аралык наркоканалга бөгөт коюуга багытталган ыкчам иш – чаралардын жүрүшүндө «Пакистан – Афганистан-Өзбекстан-Кыргызстан» маршруту боюнча метамфетамин-баңги каражаттарын өзгөчө ири өлчөмдө ташуу менен алектенген эл аралык баңги топторунун иши аныкталып, бөгөт коюлду.

2024-жылдын 7 – октябрында Бишкек шаарында ыкчам-издөө иш-чараларынын комплексин жүргүзүү процессинде чет мамлекеттин С.У. аттуу жараны кармалып, андан жалпы салмагы 67,615 кг болгон 300 миллион сом суммасындагы метамфетамин баңги каражаты табылып, алынган.
Аталган чет элдик жаран жогорудагы маршрут боюнча Гонконг шаарына Казакстан аркылуу келген метамфетаминди жөнөтүүнү уюштурганы аныкталды.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында чет элдик жаран баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button