КоомКылмыш-кырсык
Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтү узартылды
Биринчи май райондук соту 1-ноябрда камактагы саясатчы Азимбек Бекназаровдун бөгөт чарасын карап, абактагы мөөнөтү 2-январга чейин узартты. Бул тууралуу анын уулу Руслан Бекназаров кабарлады.
12-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Азимбек Бекназаров “2010-жылдын апрелиндеги окуяларда банк кутучаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акчаны уурдоо жана коротуу фактысы” боюнча кармалганын билдирген.