Президент Садыр Жапаров Казакстан Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошановду кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, өлкөгө расмий сапар менен келген Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошановду кабыл алды.
Мамлекет башчысы Ерлан Кошанов менен кыргыз жергесинде салам алышып жатып, бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилелер тереңдеп, практикалык мааниге ээ болуп жатканын, ал эми мамлекеттер аралык саясий диалог бардык деңгээлде активдүү өнүгүп жатканын белгиледи.
Садыр Жапаров Ерлан Кошановдун Кыргызстанга болгон бүгүнкү расмий сапары эки мамлекет ортосундагы парламенттер аралык диалогду алга жылдырууга олуттуу түрткү берет деген ишенимин билдирди.
Мамлекет башчысы өз ара сооданын ырааттуу өсүшүн жана соода-экономикалык байланыштардын кеңейишин белгилеп, кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин ийгиликтүү ишмердигин баса белгиледи, анын кезектеги жыйыны жакын арада өткөрүлмөкчү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевге жылуу саламын жолдоп, Кыргызстан мындан ары да достук, бир туугандык, союздаштык жана өз ара сый-урматтын духунда кыргыз-казак мамилелерин өнүктүрүүгө даяр экендигин ишендирип өттү.
Өз кезегинде Казакстан Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов Кыргызстан менен Казакстандын элдерин эзелтеден бир туугандык, достук жана ынак коңшулук байланыштырып келгенин баса белгиледи.
Ерлан Кошанов ар кандай багыттар боюнча кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирип, Парламенттер аралык кеңештин кезектеги отурумунун жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.
Ал Кыргызстандын жарандарынын байгерчилигин жогорулатууга багытталган Президент Садыр Жапаров тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформаларды Казакстан толугу менен колдой турганын айтты. Казак эли боордош кыргыз элинин өзгөрүүлөрүн жана жетишкендиктерин, өзгөчө өлкөнүн экономикасынын өсүшүн жана олуттуу социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдү кубануу менен белгилейт.