Кыргызстанда “100 журналист” китеби жарык көрдү
Бүгүн, Кыргызстан Журналисттер союзу республика боюнча 100 журналистти чогултуп, чоң конференция уюштурду. Конференцияда Кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгына карата “100 журналист” китебинин бет ачаары болду.
Китептин автору, белгилүү журналист Сымбат Максутова журналисттердин басып өткөн жолу тууралуу айтып берип, китепке бир нече жылдан бери маалыматтарды чогултуп, бүгүн жарыкка чыгып жатканын белгиледи. Автордун айтымында, бир томдук китепке Кыргызстандагы аты чыккан 100 журналисттин өмүр таржымалы камтылган. Андан тышкары бул китепти улай дагы улам катарга кошулуп жаткан жаш журналисттер да келечекте улантып экинчи, үчүнчү том болуп чыгары айтылды.
Конференцияга белгилүү журналисттер сөз сүйлөштү.
Эскерте кетсек, 7-ноябрь басма сөз күнү катары Кыргызстанда белгиленип келет. 1924-жылы Кыргызстанда эң алгачкы гезит жарыкка чыккан.