КоомСаясат

Садыр Жапаров маданият ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, республиканын маданий, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө салым кошкон, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Маданият кызматкерлеринин күнүн майрамдоого байланыштуу маданият ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө маданиятты колдоо – жалпы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири экендигин баса белгиледи.

“Элибиздин руханий байлыгы болгон улуттук асыл дөөлөттөрүбүздү, кылымдардан бери келаткан нарк-насил, салт-санааларыбызды мындан ары да муундан-муунга улантып кетүү – ар бирибиздин ыйык милдетибиз! Сиздердин ата-бабалардан калган маданий мурасты бөксөртпөй сактап, чайпалтпай кармап, маданий казынабызды байытууга кошкон баа жеткис салымыңыздарды жогору баалайбыз. Маданиятты даңктап-даңазалаган, өнүктүрүп-өстүргөн инсандарды – биз ар качан сыйлап, урматтап, чыгармачылык ишмердигин жүргүзүүгө мыкты шарттарды түзүп беришибиз керек!” – деди президент.

Ал маданият тармагы ар тараптан колдоого алынганын белгиледи. Райондук маданият үйлөрүндөгү техникалык каражаттарды жаңыртып, театр, оюн-зоок мекемелерин жаңы репертуарлар менен толуктоого жана сахна костюмдарын тиктирүүгө, гастролдорду уюштурууга шарттар түзүлүп жатат. Маданий жайлар, имараттар четинен оңдолуп-түзөлүп, айрымдарына жаңы имараттар салынууда.

Садыр Жапаров мунун баары кыргыз маданиятынын бардык тармагынан жаңы ысымдар, жаңы жүздөр чыкса деген изги тилекти ишке ашырууга багытталганын белгиледи.

“Максатыбыз – кыргыз маданиятынын алтын доорун кайра бир кайталап, кыргыз кереметин даңазалоо! Абдылас Малдыбаев, Муратбек Рыскулов, Гапар Айтиев, Бүбүсара Бейшеналиева, Чынгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков, Кайыргүл Сартбаева, Болот Миңжылкыев, Болот Шамшиев, Самара Токтакунованын жана башка маданият сересине жеткен өнөр адамдарынын изин баса турган муунду тарбиялоо – бүгүнкү күндүн талабы”, — деп, президент мамлекет жаш таланттарды окутуу, тарбиялоо, улуттук маданиятыбызда секирик жасоонун кандай ыкмасы болбосун, колдоп берүүгө даяр экендигин белгилей кетти.

Мамлекет башчысы кыска аралыкта экономикалык чоң секирик жасаган эгемен Кыргызстан маданият жаатында жаңы бийиктиктерди багындырышы керектигин айтты.

Андан соң мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо аземи болуп өттү.

Сыйлангандардын тизмеси.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button