КоомКылмыш-кырсык
Ысык-Көлдө күчү 4 баллга жеткен жер титиреди
Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык бүгүн саат 05:31де Кытай Эл Республикасынын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Бедел айылында 2,5 баллга (Бедел айылынан 20 чакырым түштүк чыгышта, Кумтөр ишканасынан 70 чакырым түштүк чыгышта, Каракол шаарынан 125 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилди.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.