Коом

Кыргызстанда сабиз экспорттоо көбөйүүдө

Кыргызстанда сабиздин өндүрүшү акыркы төрт жылдын ичинде 30 миң тоннага чейин жогорулады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындан төрт жыл мурун сабиздин өндүрүшү 155 миң тоннаны түзсө, азыр анын көлөмү 185 миң тоннага чукулдап барат.

«Кыргызстанда сабиз таза, органикалык жол менен өстүрүлгөндүктөн жана органикалык жер семирткичтер колдонулгандыгына байланыштуу анын экспорту да жылдан жылга көбөйүүдө. Эгерде 2019-жылы 17 миң тонна сабиз экспорттолсо, учурда анын көлөмү 30 миң тоннадан ашат», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button