Коом

Камчыбек Ташиев Нарын шаарындагы жаңы күрөш залынын курулушуна капсула салды

Нарын облусунун Нарын шаарындагы Алма-Бак сейил багынын ичине С.Бекмамбетов атындагы спорт мектебине караштуу күрөш менен машыктыруучу комплекс курулат.

Бүгүн, 4- ноябрда аталган комплекстин курулушуна КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев капсула салды. Өз кезегинде Минкаб Төрагасынын орун басары жаштардын спортко болгон кызыгуусун жогорулатуу максатында, аларга тийиштүү шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи.

Эки кабат болуп салына турчу спорт комплекстин бийиктиги 3,3 метр, узун-туурасы 18-48 метр болот. Биринчи кабатында үч күрөшүү үчүн килемдер, чечинүүчү, жуунучу жай, медициналык бөлмө жана машыгуучу зал жайгашат. Ал эми экинчи кабатында машыктыруучулар үчүн бөлмөлөр болот. Учурда курулуштун долбоору даярдалууда. Комплексти 2025-жылдын сентябрь айына ишке берүү мерчемделүүдө.
Өз кезегинде Камчыбек Ташиев күрөш залынын курулуш иштерин дыкат көзөмөлгө алуу менен, сапаттуу кылып бүткөрүүнү тапшырды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button