Коом

Азимбек Бекназаров эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикке чыгарылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 4-ноябрда Азимбек Бекназаровдун бөгөт чарасын өзгөртүп, эркиндикке чыгарды. Бул тууралуу  анын уулу Руслан Бекназаров социалдык тармактагы баракчасына жазды. Атасынын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөөчүсү бергенин айтты.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы УКМКнын тергөөчүсүнүн саясатчыны үй камагына чыгаруу өтүнүчү четке кагылып, эч жакка чыкпоо тил каты менен чыгарылганын кабарлады.

Райондук сот Азимбек Бекназаровдун бөгөт чарасын 1-ноябрда карап, камактагы мөөнөтүн 2-январга чейин узарткан.

Атайын кызмат 12-сентябрда Азимбек Бекназаров “2010-жылдын апрелиндеги окуяларда банк кутучаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акчаны уурдоо жана коротуу фактысы” боюнча кармалганын билдирген.

Саясатчы буга чейинки сот отурумдарында кармалышын саясий негизде деп эсептей турганын айткан.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button