ИИМ эскертет! Борбордук көчөлөргө туура эмес коюлган унаалар алынат
Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 11-саммити өтүп жатат. Бул расмий иш-чаралар учурунда милиция коомдук тартипти, жол коопсуздугун толук камсыздайт.
Расмий жана салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү жайлары өзгөчө көзөмөлгө алынды. Транспорт каражаттарынын кыймылына тоскоолдук жараткан транспорт каражаттары аргасыз алынат. Транспорт каражаттарын туура эмес жерге калтырбоону суранабыз.
Расмий иш-чараларды өткөрүү мезгилинде борбор калаанын жолдорунун айрым тилкелеринде транспорт каражаттарынын кыймылы чектелген, буга байланыштуу борбор калаанын тургундарынан жана конокторунан жүрүү маршруттарын алдын ала тандоону суранабыз жана коомдук транспортту колдонууга чакырабыз.
Урматтуу жарандар, борбор калаанын тургундары жана меймандары көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле жасоону суранабыз.