КоомСаясат

Түркия Кыргызстандын 62 миллион доллар карызын кечти

Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун сөзүнөн белгилүү болду.

Мамлекеттик сапар менен келген Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган экөө жолугушуунун соңунда маалымат жыйын өткөргөн.
«Президент Эрдоган мырзага Кыргызстандын Түркияга болгон тышкы карызын кечүү боюнча кабыл алган чечими үчүн ыраазычылык билдире кетейин», — деди Жапаров.
Ал эми карызды жабууга жумшалчу акча «Жашыл экономика» долбооруна сарпталары белгилүү болду.
Эске салсак, буга чейин Садыр Жапаров эки өлкө Кыргызстандын 120 миллион доллар сырткы карызын кечүүнү убадалаганын айткан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button