КоомСаясат

Камчыбек Ташиев Түркиянын Улуттук чалгындоо уюмунун башчысы  менен жолугушту

Бүгүн, 2024-жылдын 5-ноябрында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев Түркиянын Улуттук Чалгындоо Уюмунун башчысы Ибрагим Калын менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев эки өлкө ортосундагы көп тараптуу кызматташтыктын манилүүлүгүнө токтолуп, өзгөчө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Түркиянын Улуттук Чалгындоо Уюму менен биргеликте ар тараптуу атайын иш-чараларды уюштуруп, алар ийгиликтүү ишке ашырылып келе жаткандыгын баса белгиледи.
Ошондой эле төрага Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын маанилүүлүгүнө токтолуп, мындай жолугушуулар эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгын кеңейтүүгө чоң салымын кошот деген ишенимин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан Түркия менен эң жакын стратегиялык өнөктөш катары, кайсыл тармак болбосун ар дайым кызматташууга даяр экендиги кошумчаланды.
Өз кезегинде Ибрагим Калын жылуу тосуп алуу жана меймандостук үчүн кыргыз элине ыраазычылыгын билдирип, Түркия Республикасынын лидеринин Кыргызстанга болгон сапары алар үчүн да өтө маанилүү экендигин айтып өттү. Ибрагим Калын өз сөзүндө Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыз кылууда КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин орду чоң экендигин белгилеп, өлкөдөгү Уюшкан кылмыштуу топторду жоюу жана аларды каржылоо фактыларын жок кылуу аракеттерин жана чек ара маселесин чечүүдөгү чечкиндүү кадамдарды мисал келтирди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button