ИИМ журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде маалымат жана басма сөз күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Бул күнү министрликтин кызматкерлери жалпыга маалымдоо каражаттарынын коомдогу ишинин маанилүүлүгүн белгилешип, ички иштер органдарынын айкындуулугун жана ачыктыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн журналисттерге ыраазычылык билдиришти.
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Суюнбек Ниязбеков иш-чарада сөз сүйлөп, бүгүнкү күндө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролуна баалоо мүмкүн эмес экенин белгиледи. Журналисттер калкка маалымат берип гана тим болбостон, демократияны чыңдоого, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого, ошондой эле коомдук тартипти камсыз кылууга көмөктөшөт. Ал Ички иштер министрлиги кызматташууга ар дайым даяр экенин жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө ачык экенин баса белгиледи.
ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Бакыт Сеитов да конокторду кесиптик майрамы менен куттуктап, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн чагылдыруудагы маанилүү салымы жана эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө кесиптик майрамы менен редакторлорду, кабарчыларды, баяндамачыларды кызуу куттукташып, ыраазычылык каттарын, Ардак грамоталарды жана ведомстволук медалдарды тапшырышты.
Иш-чарада медиа мейкиндикти өнүктүрүү, маалыматты объективдүү берүүнүн маанилүүлүгү, ошондой эле биргелешкен аракеттер менен укук коргоо органдарынын ишин жакшыртуу жана коомчулуктун ишенимин жогорулатуу боюнча пикир алмашуу болду.
Бул иш-чара укук коргоо органдары менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосундагы мамиледе чынчылдык менен айкындуулуктун маанилүүлүгүн, коопсуз жана адилет коомду түзүү үчүн баарлашууну улантуу зарылдыгын ачык эскертти.