Кыргызстандын 6 университети Азиянын эң мыкты тобуна кирди
2025-жылдагы Азиянын эң мыкты университеттеринин жаңы рейтинги (QS ASIA UNIVERSITY RANKINGS 2025) жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүу жана илим министрлиги билдирет.
Рейтингде Кыргызстандын 6 жогорку окуу жайы татыктуу орундарды ээледи:
— Кыргыз-Түрк “Манас” университети (230-орун);
— Ош мамлекеттик университети (260-орун);
— Борбор Азиядагы Америка университети (260-орун);
— Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия-Славян университети (333-орун);
— Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (381-орун);
— Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (381-орун);
“Бул жыйынтык – биздин өлкө үчүн рекорд жана акыркы 2-3 жылда өлкө жетекчилигинин колдоосу менен кесиптик жогорку билим берүү багытында жасалган жумуштардын жыйынтыгы”, – дейт министрдин орун басары Абазбек уулу Расул.