ДүйнөКоом

Дональд Трамп мигранттарды депортациялай турганын билдирди

АКШдагы президенттик шайлоодо жеңген Дональд Трамп үгүт учурунда мигранттарды массалык депортациялоого берген убадасын аткарарын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ал массалык депортациялоо планынын куну тууралуу суроого бул чечимди ишке ашыруудан башка арга жок экенин айткан.
Жаңы шайланган Трамп үчүн миграциялык саясатты катаалдаштыруу шайлоо өнөктүгүнүн негизги пунктуларынын бири болду. Ал Жо Байдендин администрациясынын «өтө жумшак» саясаты Кошмо Штаттарды артта калган өлкөлөрдүн катарына түшүргөнүн бир нече жолу айткан. Буга чейин Трамп шайланса миллиондогон мыйзамсыз мигранттарды депортациялоону каалап жатканы айтылган. New York Times гезитинин жазганына караганда, алар атайы уюштурулган лагерлерде болуп өлкөдөн чыгарылышын күтүшөт.
АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өттү. Анда Демократиялык партиядан вице-президент Камала Харрис, ал эми Республикалык партиядан мурдагы президент Дональд Трамп ат салышкан. Бардык алдыңкы басылмалар Трамптын жеңгенин жарыялашты.
Натыйжада Трамп XIX кылымдан бери төрт жылдык тыныгуудан кийин Ак үйгө кайтып келген алгачкы саясатчы болду. Ал эми анын атаандашы вице-президент Камала Харрис жеңилгенин моюндап, учурдагы президент Жо Байден Трампты жеңиши менен куттуктады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button