Президент Садыр Жапаров 11-ноябрда Сауд Аравия Падышачылыгына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
«Сапарынын алкагында мамлекет башчы Ислам Кызматташтык Уюмунун кезексиз саммитине катышат, анын жүрүшүндө Палестина жана түштүк Ливан, ошондой эле жалпысынан Жакынкы Чыгыш аймагындагы учурдагы кырдаалды талкуулоо пландаштырылууда. Саммиттин алкагында президент Садыр Жапаровдун сөз сүйлөөсү, ошондой эле Сауд тарап менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылууда»,- деди Муратбек Азымбакиев.