КоомКылмыш-кырсык
Ноокенде жер титиреди
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 08:06да Кыргыз Республикасынын аймагында күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кудук-Сай айылында 2 баллга (Кудук-Сай айылынан 7 чакырым чыгышта, Таш-Көмүр шаарынан 10 чакырым түштүк чыгышта, Майлуу-Суу шаарынан 15 чакырым түндүк батышка, Жалал-Абад шаарынан 70 чакырым түндүк батышка) чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.