Блогер блокКоом

Тагдыр: «Мага да, курсагымдагы балама да жолдошуң убакыт таап жатат” деп күйдүрдү…

Жашоодо бирөөнүн көз жашына бакыт кура албайсың дешет го, бирок азыркылар куруп деле, бактылуу болуп деле жашап жатышат. Ошентсе дагы кайтаар дүйнө дегенге аябай ишенгим келет, мен сыяктуу тиги аял да боздоп, жер тытып сыздашын каалайм.

Атым Гүлназик, (Ред. аты өзгөртүлдү) жашым 45те, жолдошум экөөбүздүн ортобузда 3 бала бар. Улуу кызым 4-курста, андан кийинкилери мектепте окушат.

Күйөөм экөөбүздүн ортобузда жакшы күндөр болду, биз да убагында бактылуу болдук. Бирок акыркы 1 жылдан бери көзүмдөн жашым тыйылбай, жашоодон көңүл калып, эмне кылышымды билбей жүрөм. Мени азыр бир эле балдар кармап жатат, болбосо баш-отумду карабай жер кезип кетмекмин. Анын үстүнө нарктуу, барктуу үй-бүлөнүн кызымын, атам жакшы кызматтарда отурду, алардын “авторитети” деп көп нерсеге көз жумуп келдим.

Атамдардын аркасы менен эч нерсеси жок жолдошум ишин оңдоп, бизнесин ачып, Бишкектин сонун райондорунан үй алып, айтор жакшы жашоону сүрүп жүргөнбүз.

Акча дегенде азыркы кыздар баарына даярбы билбейм, күйөөмө Нуржан деген кыз жабышып жүрүп, акыры кылтагына илип алыптыр. Аны мен араң дегенде бир жылдан кийин билдим, балким буга чейин да далай кыздары болгондур, алданып эле жашап жүрө берипмин. Эң жийиркеничтүүсү, мени таанып, мени менен сырдашып жүргөн аяштарым тиги Нуржаны менен дагы жакшы мамиледе экен. Аны ошол эле аяштардын бирөөсү айтып койду.

Муну уккандан кийин бүтүндөй дүйнөнү жек көрүп, эки жүздүү адамдардан көңүл калды, мени карап күлүп, аркамдан ушак кылгандары жанга жетти. Орус мүнөз болуп жүрүп көп нерсеге маани бербептирмин, бирок жолдошумдун ушул чыккынчылыгы менин көзүмдү ачып, чоң сабак берди.

Бир күнү болгон окуяны айтып берген аяшымды чакырып, ортого бир жер даярдап, Нуржанды кошуп баарыңар чогулгула, ошондо жүзүңөрдү көрөйүн дедим, мени кыя албаганданбы же кызыгы арттыбы билбейм, тиги аяшым макул деди. Ошентип жолукчу күн келди, атайын кечигип барууну чечтим, ага чейин берки жакта жашынып, баарын карап отурдум, бир кезде жолдошумдун ойношу Нуржан кирди. Суйкайган, назик, сынынан жазылбаган, мурду кырдач, ак жүздүү, мойну узун, бою да өзүнө жарашкан кыз экен. Аны эркектер эле эмес, аялдар деле суктанып отурчу неме экен.

Күйбөгөн жерим күл болду, аны карап отуруп, эмнеге келгенимди унута жаздапмын, акырын басып бардым. Мени көргөн аяштарым баары таң калып, эмне дештерин билбей турушту, жүздөрүнөн баары окулуп, ыңгайсыз абалда калышканын мен да түшүндүм. Нуржан ордунан туруп саламдашты, “өзүбүзчө сүйлөшөлү” деди,  демек мени тааныйт…

Ары бастырбай эле бет талаштыра жаактан ары бир чаптым, жанымдагылар арачылап, эмне кылышты билбей туруп калышты. Сендей шуркуялар менен сүйлөшкөнгө убактым жок десем, “мага да, курсагымдагы балама да жолдошуң убакыт таап жатат” деп күйдүрдү, баягы ысык каптаган денемди эми муздак суу менен куюп салгандай болуп дендароо тура бердим. Демек боюнда да бар экен, ар кайсы ой менен алпурушуп жатып, кафеден кантип чыгып кеткенимди байкабай калдым. Ошол түнү телефонду өчүрүп салып, автоунаам менен бүтүн Бишкекти кыдырдым, караңгы көчөлөрдүн биринде кыйкырып дагы, шолоктоп ыйлап дагы жаттым. Эмне кылганым үчүн мындай кордукту көрүп жатам деп өзүмдү да жектеп көрдүм. Таңга жуук өзүмө келип, бир мейманканага барып жаттым.

Уктаткычы бар дарылардан ичип жатканга канча уктаганым эсимде жок, телефонду күйгүзсөм балдарым, апам чалыптыр. Бирок, бир да жолу жолдошум чалбаптыр, кызымдан сурасам ал да үйгө барбаптыр, демек тиги шуркуясы менен жүрдү.

Атамдардын үйүнө барып, болгон окуяны түшүндүрдүм, мен эми артка кылчайып, баарын кечирип жашай албасымды айттым, башын акырын ийкеп атам да чечимим менен макул болгонсуду. Ошентип атамдын адвокаты жолдошум экөөбүздүн ортобуздагы топтогон байлыкты бөлүштүрүп, бат эле ажырыштырып салды. Атам жолдошума сөз акы да бербеди, мени кубаттап койгонуна бир чети аябай ыраазы болдум. Ошол учурда да күйөөмдүн мага деген бир эле сөзү бар экен, анысы “ортобузда сүйүү деле калган жок, ажырашканыбыз эле жакшы, Нуржанды да таштай албайт экем” деди. Ушундай сөздү уккандан көрө жер жарылып кетсе эмне болмок..?

Мени кантип сүйгөн жок деп айтты, мен ал үчүн атамдын бизнес өнөктөштөрүнүн сунуштарынан, чет мамлекетте окуп келүү кыялдарымдан баш тарткам го…

Эркектер ушунчалык жоопкерчиликсиз, мажирөө болушабы?

Өмүрүмдө биринчи ирет катуу сындым, болгондо да эң жакын, жүрөгүмдүн ээси сындырды. Адамдар жаш өткөн сайын сүйүү өчөт деп ойлойт экен, андай эмес, канча жыл чогуу жашасаң, ошончолук ошол адамга байланып, көнүп алып жашайсың, аны көп жыл чогуу түтүн булатып жашагандар жакшы билишет.

Ошентип, ортобуздагы ушунча жылдык мамилеге чекит койдук, ортодогу балдар кыйналды, мен тигилерди каргап жашап калдым, эч нерсеге көңүлүм чаппайт, кээде гана шаар сыртына чыгып, таза абадан дем алып ичимдеги бугумду чыгарып келгенсийм.

Тигилер болсо жакында кыздуу болушту, аяштарымдын айтымында дагы эле бактылуу экен. Кээде мээме жаман ойлор келип, мурдагы күйөөмдү сулуу кыздар менен тааныштырып, кайра жолдон адаштыргым келет, кайра артка тартам. Кыскасы, азыр өзүмдү ошолор менен толтуруп алып, алардын бактысыз болушун каалап жүрөм. Апам байкуш дарыгерлерге, психологдорго жаздырып коет, мен баргым келбейт.

Кеч болуп кете электе дарыланышым керектигин түшүнөм, бирок жек көрүү жанымды жеп барат.

 

Автор: Асель Жаныбекова

Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button