Садыр Жапаров иш сапар менен Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы маалымдады.
Билдирмеге ылайык, өлкө башчы Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз Ислам саммитине катышат.
Расмий делегациянын курамындагылар:
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
Кыргызстандын Сауд Арабиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Улукбек Марипов.
Буга чейин саммитте Жапаров сөз сүйлөй тургандыгы маалымдалган. Мындан тышкары, Жакынкы Чыгыш аймагындагы учурдагы кырдаал талкууланат.