ДүйнөКоом

Кытайдагы кырсыктан 35 адам каза болду

Кытайда кеминде 35 кишинин өмүрү кыйылган, дагы 43 киши оор жараат алган окуянын чоо-жайы териштирилүүдө. Өлкөнүн түштүк аймагындагы Чжухай шаарында 12-ноябрга караган түнү спорттук борбордун жанында машыгып жаткан топ адамды жолтандабас машина сүзгөн.

Жергиликтүү полициянын маалыматына караганда, машинанын айдоочусу, 62 жаштагы эркек киши өз жанын кыюуга аракет кылган, азыр ал ооруканада жатат.

Каза болгондордун көбү улгайган адамдар жана өспүрүм балдар экени аныкталды.

Reuters маалымат агенттиги жарыялаган видеодон 20 чакты киши жерде жатканын, «Тез жардам» машинасы барганын, адамдар «террорчу» деп кыйкырып жатышканын көрүүгө болот.

Жалпыга маалымдоо каражаттары кылмыш жасаган киши ажырашуудан кийин мүлк талаш көйгөйүнөн улам ушундай кадамга барган болушу мүмкүн экенин жазышты.

Кытайдын төрагасы Си Цзинпин жараат алгандарга тийиштүү жардам берүүнү жана кол салган адамды катаал жазага тартууну тапшырды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button