КоомКылмыш-кырсык
Жумгалда жоголгон ата-баланы активдүү издөө иштери токтотулду
Жумгалда мал кайтарууга кетип дайынсыз болуп жаткан ата-баланы активдүү издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалыматка караганда, куткаруучулар эми бир жумада эки жолу издөөгө чыгып турат. Мындай чара 26 күндөн бери издөө иштеринен натыйжа чыкпагандыгынан улам кабыл алынган.
Эске салсак, 45 жаштагы атасы менен 9 жашар баласы 16-октябрда мал кайтарууга жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болууда.