Коом
Райымбек Матраимов эч жакка чыкпоо тил каты менен тергөө абагынан чыкты
Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов эч жакка чыкпоо тил каты менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан чыгарылды.
Биринчи май райондук соту Матраимовдун иши 11-ноябрда каралып, жогоркудай чечим чыкканын 13-ноябрда билдирди. Маалыматка ылайык, сотто Матраимовду абактан чыгаруу боюнча УКМКнын тергөөчүсүн өтүнүчү канааттандырылган.
“Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2024-жылдын 11-ноябрындагы токтому менен УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган”, — деп жазылган соттун билдирүүсүндө.