УКМК: Токмок шаарындагы «Темирбетон» ААКсы мамлекеттик менчикке кайтарылды
КР УКМК тарабынан текшерүү иш-чараларынын натыйжасында Токмок шаарындагы болжолдуу баасы 5 млрд. 855 млн. сомду түзгөн «Темирбетон» ААКсы мамлекетке кайтарылды.
«Темирбетон» ААКсынын акцияларынын 40%ы мамлекетке таандык экендиги аныкталып, бирок, көрсөтүлгөн үлүш «В.П» акцияларынын негизги пакетинин ээсинин жалган жактарына мыйзамсыз берилген жана толугу менен жеке менчикке менчиктештирилген.
Мамлекеттик мүлк фондунун 1992-жылдын 22-декабрындагы №455 токтому менен «Темирбетон» кооперативдик заводу, сметалык баасы 38 миллион 264 миң рубль болгон ачык акционердик коомго айландырылган.
1993-жылы Мамлекеттик мүлк фондуга электр тармактарын куруу менен алектенген чет өлкөлүк ишканалардын биринен «Темирбетон» ААКнын мамлекеттик үлүшүнөн 28 млн 698 миң сомдук 15% үлүштү сатып алуу жөнүндө кайрылуу келип түшкөн, бирок аталган каражаттардын мамлекеттик бюджетке түшүүсү тууралуу документ түрүндө тастыкталган маалыматтар жок.
Мында акциялардын мамлекеттик пакетинин калган 25%ын 1992-жылдан азыркы учурга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду контролдогон эмес, б.а. «Темирбетон» ААКдан алынган пайдадан мамлекетке кандайдыр бир пайда түшкөн эмес.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында акциялардын пакетинин негизги ээси «В.П.» өз ыктыяры менен объектти мамлекеттин балансына өткөрүп берди.
Учурда КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чаралар улантылууда.