УКМК: Токмоктогу “Радиозавод” АТКсы мамлекеттин менчигине кайтарылды
КР УКМК тарабынан текшерүү иш-чараларынын натыйжасында Токмок шаарында жайгашкан, жалпы аянты 1 га жана болжолдуу баасы 3 млрд.сомдон ашык «Радиозавод» АТКсы мамлекетке кайтарылды.
Токмок шаарынын мэриясынын 2008-жылдын 15-апрелиндеги № 201 токтому менен «Радиозавод» АТКнын административдик имараты Ы.А.К.га сатылып, бүгүнкү күнгө чейин декларацияланган акча каражатын объекттин баасын толук төлөбөй келгендиги аныкталган.
Тактап айтканда, негизги сумманы төлөө эсебине 808,4 миң сом жана 550 миң сом өлчөмүндөгү кепилдик төлөмдүн суммасын гана төлөгөн, калган 7 миллион 534 миң сом төлөнгөн эмес. Ага карабастан, Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы процессуалдык талаптарды бузуу менен сатып алуу-сатуу келишимин түзүп, «Радиозавод” АТКсы ишканасын Ы.А.К.нын менчигине мыйзамсыз өткөрүп берген.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында Ы.А.К. өз ыктыяры менен «Радиозавод» АТКсын Токмок шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүп берген, андан кийин жаңы шайланган шаардык кеңештин чечими менен объект мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүлүп берилет.
Учурда КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген өндүрүштүк жана социалдык объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чаралар улантылууда.