КоомКылмыш-кырсык
Райым Матраимов 200 миллион доллар төлөп үй камагына чыккан
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов Кыргызстандын бюджетине 200 миллион доллар (17 млрд сом) төлөп үй камагына чыкты. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев парламентте депутат Балбак Түлөбаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Депутат «Райым Матраимов эмнеге түрмөдөн чыкты, бюджетке акча төлөдүбү» деген суроо узаткан.
«Матраимов кармалганда үч кылмыш ишин козгогонбуз: «Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү», «Бейбаштык», «Кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу». Сегиз ай тергедик, эки күн мурун чыгардык. Райым Матраимов Кыргызстандын бюджетине 200 миллион доллар (17 млрд сом) төлөп, анан чыкты. Буга чейин 2,5 миллиард сом төлөгөн. Жалпысынан Матримов бюджетке 19,5 миллиард сом төлөдү. Анын баарын накталай төлөгөн жок, мүлкү менен да төлөдү. Мүлкүнүн баарын экспертизадан өткөрүп, баалап, арзан кылып алдык», — деди УКМК төрагасы.
Эске салсак, Райым Матраимовго үстүбүздөгү жылдын январь айында издөө жарыяланып, апрелде колго түшүрүлгөн. Ал эми март айында соттун чечими менен тергөө абагына киргизилген. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 169 («Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу»), 222инчи («Кылмыштуу жол менен тапкан кирешелерин мыйзамдаштыруу (адалдоо») беренелери менен күнөөлөнүп жатат. Ошондой эле Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданып, Азербайжандан келген улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар деп шектелүүдө.