Коом
УКМК: Араван районундагы мыйзамсыз соода курулуштарын демонтаждоо иштери аяктады
КР УКМК төрагасынын ушул жылдын 20-июлундагы протоколдук буйругун аткаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 «Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө»» токтомуна карата Араван-Сай дарыясынын жээгинде, суу артериясынын эки тарабында жалпы узундугу 1150 метрге жакын мыйзамсыз соода курулуштарын демонтаждоо иштери аяктады.
Учурда райондун борборунун борбордук трассасындагы тыгындарды жоюу жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында дарыянын жээгине сейил бактын аймагын түзүү боюнча жергиликтүү бийлик курулуш иштерин баштады.