Коом

А.К.Бакаев атындагы Академиясы курсанттарды кабыл алууну баштады

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы Академиясы 2025-2026 окуу жылына курсанттарды кабыл алууну жарыялайт!

Талапкерлерге коюлуучу милдеттүү талаптар:
* жашы 17-21 жашка чейин;
* бою 170 см жогору;
* салмагы кеминде 60 кг;
* билими, орточо баллы 4,0 төмөн эмес (окуудагы жетишкендиги жөнүндө табель) толук орто билими жөнүндө аттестат же кесиптик орто билими жөнүндө диплому;
* өзү, анын ичинде жакын туугандары сот жообуна тартылбаган;
* өзүнүн, анын ичинде жакын туугандарынын чет мамлекеттин жарандыгынын жоктугу.

Аңгемелешүүдөн өткөн талапкерлер, тандоо сынактарынын төмөнкү этаптарына киргизилет:

— дарыгерлердин күбөлөндүрүүсүнөн өтүү;
— дене-тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшыруу;
— психофизиологиялык күбөлөндүрүүдөн өтүү (IQ-тести);
— полиграфты колдонуу менен атайын психофизиологиялык изилдөө жүргүзүү;
— кирүү экзамендерин тапшыруу.

Аймактарда жашаган талапкерлер төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:

— Бишкек шаарынан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Бишкек ш., Жибек-Жолу көч., 322-үй, тел.: 0 (312) 66-04-75;
— Чүй облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Бишкек ш., Кийизбаев көч., 206-үй, тел.: 0 (312) 54-07-19;
— Ош шаары жана Ош облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Ош ш., Баялинов көч., 5-үй, тел.: 0 (3222) 7-32-32;
— Жалал-Абад облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Жалал-Абад шаары, Байзаков көчөсү, 53-үй, тел: 0 (3722) 5-60-49;
— Баткен облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Баткен ш., Курманжан Датка көч., 15/2-үй, тел.: 0 (3622) 5-00-33;
— Талас облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Талас шаары, Карл-Маркс көчөсү, 27-үй, тел.: 0 (3422) 5-20-43;
— Нарын облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Нарын шаары, Ленин көчөсү, 86-үй, тел.: 0 (3522) 5-04-19;
— Ысык-Көл облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча маектешүү жүргүзүлөт: Каракол шаары, Кутманалиев көч., 148-үй, тел.: 0(3922) 5-11-80.
Окууга документтерди кабыл алуу күнү жөнүндө кошумча маалыматты кабарлайбыз.
Кененирээк маалыматты www.gknb.gov.kg расмий сайтынан алууга болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button