Коом
Балыкчы — Кочкор жолу маал-маалы менен жабылат
Балыкчы — Кочкор унаа жолунун айрым тилкелери жардыруу иштерине байланыштуу маал-маалы менен жабылат.
«Кыргызтемиржолу» ишканасынан билдиришкендей, 18-ноябрдан 18-декабрга чейин унаа жолдун 39+90-чакырымынан 42+90-чакырымына чейин, тактап айтканда, Кубакы ашуусунун бурулушуна чейин, курулуп жаткан темир жолдун 37-43 чакырымдарында жардыруу иштерине байланыштуу дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү саат 8:00дөн 17:30га чейин унаа кыймылы үчүн жабык болот.
Белгилей кетсек, жардыруу иштери Балыкчы-Кочкор темир жолун куруу долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.