ДүйнөКоом

Майк Тайсон блогер Жейк Полго жеңилип калды

АКШнын Арлингтон шаарында 16-ноябрга караган түнү бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону, 58 жаштагы Майк Тайсон менен белгилүү блогер, 27 жаштагы Жейк Полдун беттеши өттү. Кармаш эки мүнөттүк сегиз раунддан турду.
Калыстар тобу 79-73 эсебинде жеңишти Жейк Полго ыйгарышкан.
Майк Тайсон бокстагы карьерасын 1985-жылы баштап, 59 беттеш өткөргөн (анын ичинен 50 жолу жеңишке жетсе, 44үн нокаут менен, жети жолу жеңилүү ызасын тарткан, эки беттеш жараксыз деп табылган). Жейк Пол 11 ирет жеңип, бир жолу жеңилген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button