КоомСаясат

Шайлоодо канча талапкер ат салышып жатканы айтылды

Кыргызстандын 33 шаарында партиялык тизме боюнча 4 928 талапкер катталган. Бул тууралуу бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова эл аралык байкоочулар үчүн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрүн тааныштыруу учурунда билдирди.

Анын айтымында, бул бир орунга дээрлик 6дан талапкер туура келет дегендик.

«Айылдык кеңештерге партиялар эле эмес, өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер дагы шайлоого катышууда. Айыл жериндеги талапкерлердин 95%ы өзүн-өзү көрсөткөндөр. Ошондой эле жаңы шайлоо системанын дагы бир өзгөчөлүгү – райондогу орундардын 30%га жакыны аялдар үчүн сакталат. Бул айылдык кеңештерге шайлоолорго аялдардын катышуусун жогорулатуу үчүн көрүлгөн атайын мыйзамдык чара болуп саналат. Мындай квота 2019-жылы жергиликтүү кеңештерде аялдардын саны 5%га кыскаргандан кийин киргизилген», — деди ал.

Боршайкомдун төрайымы айылдык кеңештерге шайлоого 10 миң 81 талапкер катталганын, алардын үчтөн биринен көбүн аялдар түзөрүн билдирди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button