Блогер блокКоом

Тагдыр: Сезимиме ээлик кыла албай калып, кайрадан Тилектин койнуна кирдим…

Жашоодо чоң сүйлөбөш керек экенин эми гана түшүндүм. Болбосо жакшы үй-бүлөнүн кызы болуп, туура тарбия алдым дечүмүн…

Анда эмесе, сиздерден кеңеш сурайын деп жазган кичинекей катымды сунуштайм.
Атым Айка, эркелетип ушинтип аташат. Өз атымды айтпай эле коёюн.

Мектепти бүткөн маалда аябай түз жүргөн, окуумду жакшы окуган, кыскасы үлгүлүү кыздардын бири болчумун. Өмүр бою бир сызыктан чыкпай, туура жолдо жүрөм дечүмүн, көрсө турмуш каалаганча чайпайт тура.
Ошентип жүрүп жогорку окуу жайына тапшырдым. Ал жерде менден 1 курс жогору окуган Тилек аттуу жигитке ашык болуп калдым. Ал сезимимди жанымда жүргөн курбум жеткирип коюптур. Бир күнү жатаканада отурсам Тилек кызуу болуп келиптир, сыртка чыгып жолугуп, мени жакшы көрөөрүн айтып, дароо эле мейманканага чакырды. Өзүм да ашык болуп жүргөнүм үчүн макул болуп, ошол түндү Тилек менен өткөрдүм. Эртең менен ойгонсом Тилек кетип калыптыр. Телефонду карасам «мен сүйлөшкөн кызым менен уруша кеткем, сени колдонуп койдум, кечирчи» — деп кат жазыптыр.
Башымды мыкчып, биринчи жолу жолуккан эркек менен жатсаң ушундай болот деп өзүмдү сөгүп жаттым. Жакын курбумду чакырып, ал экөөбүз ичкилик ичтик, болушунча ыйладым.
Ошол күндөн баштап окууга баргым келбей калды, бирок, өзүмдү кыйнап бардым. Окуу жайдын ичинде кетип бара жатсам Тилек менен сүйлөшкөн кызы кучакташып туруптур, байкамаксан болуп өтүп кеттим.
Убакыт өтө берди, мен негедир толо баштадым, тамак жесем жүрөгүм айланчу болду. Курбумду ээрчитип алып барсам, боюмда болуп калыптыр. Апама башка шылтоону айтып акча сурадым, дароо которду. Ошентип,  сүйгөн адамым экөөбүз ортосунда жаралган наристеден кутулуу үчүн дарыгерге кайра барып, аборт кылдырдым.
Баягы түз жолдо жүргөн Айка эми таптакыр башка адам болуп өзгөрүлдү. Бир эркектин айынан тагдырым талкаланып бара жатты. Күнүгө ичимдик, түнкү клуб…

Окшошкон күндөр өтө берди.
Бир жолу жатакананын алдында отурсам айылдагы классташым Атабек келип калды. Аны көрүп аябай сүйүндүм, экөөбүз шаар аралап көпкө сүйлөштүк. Ошол күндөн баштап Атабек менен тыгыз байланышта болуп, эки күндүн биринде жолуга баштадык. Атабек жашоодогу аябай жакшы жигит, андай таза адамды бул жашоодо табыш кыйын. Ошентсе дагы жүрөгүмдөгү Тилек деген ысымды өчүрө албай койдум.
Кыйын болсо дагы унутам деген тилек менен Атабек экөөбүз баш коштук. Окуумду да ошол боюнча таштап салдым.

Ичимдиктен алыстап, келиндик доорду сүрө баштадым. Кайын журтум дагы аябай жакшы кишилер, ушул эле Бишкекте турабыз. Атабек экөөбүз бөлүнүп өзүнчө жашай баштадык, жашообуз жакшы болчу. Ортобузда 2 уул бар. Атабек сырттан автоунаа алып келип иш кылат, узак жол болгондуктан 10-15 күндөй үйдө жок болуп калат.
Ошондой күндөрдүн биринде балдарды кайненеме калтырып, курбуларым менен жолукканы кеттим. Чай ичип, сырдашып отурсак, сырттан Тилек менен досу кирип келип калышты. Токтоп калган жүрөгүм кайра сого баштагансып, көпкө тиктеп турдум. Ал да мени жалооруй карап тура берди. Бир маалда басып келип учураштык, бетимден аста сылап өөп койду, карарган дүйнөм кайра жашаргансып баштады.
Өзүнчө сүйлөшсөк болобу дегенине макул болбой койсом, курбумдан номеримди алганга жетишиптир.
Чалышып, жазышып жүрдүк. Үйлөнүп, кайра ажырашып кетиптир. Бир кызы бар экен.
Ошентип, көп жолу суранган суранычынан баш тарта албай, жолугушууга макул болуп, шаардын сыртындагы кафеге бардык. Ичимдеги өчпөгөн сезим кайрадан алоолонуп жанып баштады, сезимиме ээлик кыла албай калып, кайрадан Тилектин койнуна кирдим.
Өз тагдырыма экинчи ирет балта чаап жатканымды билсем дагы, бактылуу болгонума сүйүндүм.
Ошентип, Атабектен жашырынып жолугуп жүрөм.

«Ажырашсаң үйлөнөлү» — деген Тилектин сөзүнө ишенсемби деп ойлонуп алып, кайра балдарымды ойлоп кыжалат болом. Эмне кылышымды билбей калдым, кеңеш бергилечи…

Автор Асель Жаныбекова

Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button