Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө” жарлыкка өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жарлыкка кол койду.
Бул жарлык менен КР пезидентинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 жарлыгы менен бекитилген КР “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартибине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет. Ал “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому менен “Элдик Банк” ачык акционердик коомунун “Топтомо ипотека” продуктусун ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Турак жайды каржылоо багыттары боюнча ипотекалык кредиттин суммасы:
– “Социалдык ипотека” 4 000 000 (төрт миллион) сомго чейин;
– “Жеңилдетилген ипотека” 4 000 000 (төрт миллион) сомго чейин;
– “Арзан ипотека” 5 000 000 (беш миллион) сомго чейин.
“Топтомо ипотека” продуктунун алкагында – сатып алынган турак үйдүн наркынан 20 %дан ашык эмес
“Топтомо ипотека” продуктусу (мындан ары – продукт) – бул “Турак жайды үлүштүк куруу” механизмин пайдалануу менен “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын алкагында турак жайды сатып алуунун комплекстүү процесси.
Берүү шарттары:
— кыймылсыз мүлктүн алдын ала наркынан 30% 6 айга банкка депозитке салынат;
— турак жай наркынан 20% – жылдык 10% менен 5 жылга банктык насыя;
— артыкчылыктары – күрөөнүн жоктугу;
— калган 50%ы – жылдык 8% менен 15 жылга ипотека.
“Менин үйүм” турак жай программасындагы “Турак жайды үлүштүк куруу” механизми боюнча продукт катышуучуларга турак жайды жеңилдетилген шартта, минималдуу баштапкы чыгымдар жана мамлекеттин колдоосу менен сатып алууга мүмкүндүк берүү менен калктын кеңири катмары үчүн аны жеткиликтүү кылат.