КоомКылмыш-кырсык

УКМК: Мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен  бала бакча мамлекетке кайтарылды

УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык инфраструктуралык объекттерди кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Бишкек шаары, Чыгыш-5 кичи районундагы жалпы аянты 2800 кв.м. жана жанаша аянты 1 гектардан ашык болгон бала бакчанын имаратын менчиктештирүүдөгү мыйзам бузуулар аныкталды.

Бала бакча мурда Фрунзедеги СССРдин 50 жылдыгы аталышындагы Электрондук эсептөөчү машиналар заводунун балансында турганы аныкталган. Бирок, жогоруда белгиленген балдар бакчасынын комплекси
1993-жылы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жана социалдык объекттерди ээликтен ажыратууга тыюу салган ченемдик-укуктук актыларды бузуу менен мыйзамсыз менчиктештирилип, «Ж» ААКтын дарегине жеке менчикке өткөрүлүп берилген жана 1999-жылы Б.К. аттуу жаранга сатылган, ал 2009-жылы белекке берүү келишими аркылуу өзүнүн жакын туугандарына кайра жол-жоболоштурган.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында балдар бакчасынын имаратынын менчик ээлери бул социалдык мүлккө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнүшүп, болжолдуу наркы 948 млн.сом болгон жанаша аймагы менен жогоруда белгиленген имаратты мамлекеттин балансына өз ыктыяры менен кайтарып беришти.
КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктөрдү кайтаруу боюнча тиешелүү иш-чараларды улантууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button