КоомКылмыш-кырсык

Опузалап акча жана телефон тоноп алган жаран кармалды

7-ноябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБге А.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол күнү саат 00:30 чамасында Жал кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жанында белгисиз адам белгисиз курч буюм менен коркутуп, күч колдонуп, 2 500 сом акча каражатын жана баасы 14 миң сомду түзгөн “Redmi Note 7” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алып, белгисиз тарапка изин жашырып кеткендигин билдирген. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан маалымдашты. 

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБинин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1997-жылы туулган А.Ш. аттуу шектүү кармалып, Тергөө кызматына жеткирилди. Ал Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button