Кыргызстандыктардын 81,4% өлкөдөгү диний кырдаалды «жакшы» деп эсептейт
Кыргызстанда диний кырдаалдын абалы тууралуу суроого жарандардын 81,4% “жакшы” (46,2% – “тынч” жана 35,2% – “туруктуу”) деп жооп беришкен.
Мындай маалыматтар Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борбору тарабынан жүргүзүлгөн “Кыргыз Республикасындагы диний кырдаалга мониторинг жүргүзүү” өлкө ичиндеги изилдөөсүнүн жыйынтыгынын негизинде алынды.
Өз кезегинде жарандардын 11,7% “чыңалуу бар” жана 2,2% «өтө кооптуу” деп жооп беришкен. Респонденттердин 4,7% жооп берүүдөн кыйналган.
Жашы боюнча топторунун арасында оң жооптордун эң көп үлүшү 25-34 жаштагы жана 35-44 жаштагы респонденттерге туура келет – тиешелүүлүгүнө жараша 83,4% жана 82,9%.
Калган топтордун оптимизми 77,1%дан 81,8%га чейин.
Аймактар боюнча эң жогорку оң баа Нарын облусунда – 89,7%. Кырдаалга эң начар баа Бишкек шаарында болгон – 71,3%.
Ошондой эле “Сиздин оюңузча, акыркы 2-3 жылда өлкөдөгү диний чөйрөдөгү абал жакшырдыбы же начарладыбы?” деген суроого респонденттердин 34,5% “олуттуу өзгөрүүлөр бар”, 34,3% “анча-мынча өзгөрүүлөр бар” деп жооп беришкен.
10,5% «өзгөрүү жок» деп билдиришсе, 7,1% «абал начарлап кетти» деген пикирде болушкан. Респонденттердин 2,8% «абал аябай начарлап кетти» деген пикирди билдиришкен. Калган 3,1% үчүн «оң жана терс өзгөрүүлөр бар» болсо, 7,7% “жооп берүү кыйынга” турду.
Бул изилдөө 2022-2026-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын иш-чаралар планынын алкагында иштелип чыккан.
Мониторингдин максаты — социалдык-экономикалык жана саясий абалга диний фактордун таасиринин динамикасын талдоого, ошондой эле калктын диний ишеним деңгээлин аныктоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтарды алуу.
Сурамжылоонун үлгүсү көп баскычтуу аймактык тандоо ыкмасынын негизинде жана квота ыкмасын колдонуу менен түзүлгөн, бул калктын негизги көрсөткүчтөрү боюнча – жынысы, жашы, улуту боюнча өкүлчүлүктү камсыз кылат.
Жалпысынан 18 жана андан улуу жаштагы 1546 адам сурамжылоого алынган. Бул үлгү өлчөмү натыйжаларды тактык менен («+» «–» 4%) жана өлкөнүн деңгээлинде 97 ишеним деңгээлин камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Республиканын ар бир регионунда суралган респонденттердин саны тигил же бул аймакта жашаган тургундардын пайызына туура келет.
Сурамжылоо 50 ашык суроону камтыган.
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борбору диний кырдаалга мониторинг жүргүзүүчү, ошондой эле изилдөө жана аналитикалык иш-чараларды алып барган орган болуп саналат.