Коом
ТИМ кыргызстандыктарга Украинадан чыгып кетүүнү сунуштады
Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин маалыматы боюнча, 20-ноябрда Киев облусунун аймагы боюнча учкучсуз учуучу учактарды колдонуу менен массалык сокку жасалган.
Мындан улам Тышкы иштер министрлиги кайрадан кыргызстандыктарды жеке коопсуздук чараларын күчөтүүнү жана кырдаал толук турукташканга чейин Украинанын аймагынан чыгып кетүүнү сунуштады.
Мекендештер Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин +38 068 139 67 92, +38 044 237 03 48 ыкчам байланыш телефонуна жардам же консультация алуу үчүн кайрыла алышат.