КоомКылмыш-кырсык

ИИМ: Жалал-Абад облусунда баңгизат саткан туруктуу каналдын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Алынган ыкчам маалыматка ылайык, Токтогул районунун тургуну «Б» аттуу жаран Жалал-Абад облусунун аймагында баңгизаттарды узак убакыт бою мыйзамсыз сактаган жана сатып жүргөндүгү тууралуу маалымат текшерилипы, анын жыйынтыгында, бул маалыматтын негизинде Жалал-Абад облустук ИИБнын Тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде (сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларын натыйжалуу жүргүзүү үчүн контролдук сатып алуулар бир нече жолу жүргүзүлгөн, анын жыйынтыгы боюнча баңги каражаттарынын ири партиясы сатып алынган.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 1994-жылы туулган тургуну К.у.Ж. кармалган.
Аталган факты боюнча Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан соттук-химиялык экспертиза дайындалган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусу менен грдан алынган заттар аныкталган. К.У.Ж. “гашиш” жана “марихуана” баңгизаты болуп аныкталган.
Учурда кармалган К.у.Ж. Жалал-Абад облустук ИИБнын УКЖна киргизилди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button