КоомКылмыш-кырсык

Мыйзамсыз иштеген курулуш компанияга 200 миң сом айып салынды

Бишкекте курулуш мыйзамдарын бузган компанияга 200 миң сом айып салынып, убактылуу курулуш-монтаждоо жумуштары токтотулду.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Тыналиев-Ахунбаев дарегинде жайгашкан көп батирлүү турак жайларды куруп жаткан “Беш Сары” ЖЧКсынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жана курулуш ченемдерин сактоосуна текшерүү жүргүзүлдү.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен маалымдашкандай, текшерүүнүн жүрүшүндө мамлекеттик инспектор курулуп жаткан имараттын жүк көтөрүүчү каркасында, тосмо конструкцияларында, чатырында көптөгөн мыйзам бузууларды аныктаган.

Анын жыйынтыгы менен 200 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынып, бардык аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча талаптар берилди.

Белгиленген бузуулар четтетилгенге чейин бардык курулуш-монтаждоо жумуштары токтотулду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button