КоомКылмыш-кырсык

Аялын жана 1-топтогу майыптыгы бар баласын сабап жүргөн жаран кармалды

28-октябрда Токмок ШИИБге 1972-жылы туулган жаран кайрылып, жолдошу зомбулук көрсөтүп ар кандай дене жаракатын келтирип, системалуу түрдө сабап жүргөнүн жана андан тышкары 2003-жылы туулган 1-топтогу майып уулун да аёосуз сабап келерин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Аталган факты Токмок ШИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, уруп-сабап, кыйноо беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

12-ноябрда жогорудагы кылмышка шектүү 1969-жылы туулган жаран Токмок ШИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, ошол эле учурда жашаган дарегине тинтүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында кылмышка тиешелүү далил буюмдар табылып алынган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button