Коом
Электрондук тамекини колдонууга жана сатууга тыюу салынат
Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, Садыр Жапаров 23-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган тиешелүү мыйзамга кол койду. Ага ылайык, өлкөгө электрондук чылым ташып келүүгө, жүгүртүүгө жана колдонууга тыюу салынат.
Электрондук тамекини колдонгон жеке жактарга 10 000 сом, юридикалык жактарга 60 000 сом айып салынат. Ал эми аны саткан жеке жактарга 20 000 сом, юридикалык жактарга 65 000 сом айып каралган.
Электрондук тамекини олутуу өлчөмдө ташып келгендер эки айдан бир жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартылат же бир жылга чейин белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыроо менен 100–120 миң сом айыпка жыгылат.
Ири же өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосун үчүн 150–200 миң сомго чейин айып салынат же эки жылга чейин белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыроо менен 1-2 жылга эркинен да ажыратылат.
Мыйзам 2025-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кирет.