КоомСпорт

Камчыбек Ташиев эки футболдук аянтчасын колдонууга берди

Кечээ, 22-ноябрь күнү Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжинин аймагында жаңыдан курулган эки футболдук оюн аянтчасын Кыргыз футбол бирикмесинин президенти Камчыбек Ташиев ачып, колдонууга берди. Бул тууралуу аталган бирикмеден билдиришти.

Аталган оюн талааларын куруу иштери учурдагы жылдын апрель айында жүргүзүлө баштаган. 7 920 чарчы метрлик оюн талаасынын бири гибриддик каптоо жана олимпиадалык стандарттарга жооп берген чуркоо аянтчасы менен жабдылса, экинчиси оюн талаасы жалпы 7 723 чарчы метрлик жасалма газондуу болуп, 240 көрүүчү үчүн чатырлуу трибуна менен жабылды. Республикалык спорттук колледжи алдында иштеген футболдук атайын класс иштеп, анда 2009-жылкы таланттуу 23 оюнчу тарбияланууда. Команда эми колледждин базасында машыгууларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Камчыбек Ташиев  ачылыш аземдин алдында РСК тарбиялануучулары менен жаңы чуркоо аянтында, жаңы ворк-аут зонасында жана футбол талаасында чуркап, машыкты. Аталган иштерге болгон чыгымдарды Кыргыз футбол биримдиги жана демөөрчүлөр каржылады. Ачылыш аземиндеги өз сөзүндө КФБ жетекчиси өлкөнү спортчулар дүйнөгө даңазалай тургандыгын белгилеп, азыртадан эмгек жумшоо керектигин белгилеп, өлкөдөгү спорттук инфратүзүмдүн мындан ары да өнүгөөрүн айтты. Аземден кийин КФБ президенти колледждин жамааты менен дагы жолугуп, алардын көйгөйлөрү менен таанышып, маек курду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button