Тагдыр: Өткүр ошондо катуу ыйлады, ал тургай мага бакыт каалагандын ордуна бактысыз болушумду тилеп…
Саламатсыздарбы, атым Айыма, жашым 28де, өзүм ата мээримин көрбөй чоңойдум, ошондуктан эрте эле турмушка чыгып кеттим. Көрсө, эркектин жылуу сөзүнө суусап чоңойгон кыздар, аталык мээримди кийин күйөөсүнөн издеп калышат окшобойбу…
Апам аябай жакшы аял болгону менен бизге мээрим бере албады, себеби 4 баланы жалгыз багыш анын мойнунда болчу. Мен кичинекей кезимде эле атам башка аялды ээрчип кетиптир, ошондон бери биз да атабызды, ал да бизди издеген жок. Эптеп мектепти аяктап, андан кийин шаардагы кафелердин биринде пол жуугуч болуп иштедим. Кийин кафе ээси мени тейлөөчү (официант) катары ишке алып, ошондо көп кишилер менен таанышып баштадым. Бир жолу ошол жерде иштеген кыздар болуп түндө чыгып шаар айланып келмей болдук. Түн жарымда жолдо жүрсөк, көчөдө 3 жигит автоунаа менен келип токтоп, биз менен таанышмай болушту. Шарактаган кыздар жөн турбай дароо таанышып, алар менен чогуу Көк-Жардагы жарымы бүтө элек үйлөрдүн бирине бардык. Ал жактан ичимдик ичип, эки экиден тарап, ошондо Өткүр менен биринчи түнүмдү өткөрдүм, бирок эч бир нерсе эсимде жок…
Аны менен эртеси кечке чогуу жүрүп, мени жактырып калганын айтты. Бирок менде ага деген сезимим козголбоду, жеңил ойлуунун образын бербейин деп кыз-жигит болууга макул болдум.
Арадан 1 ай өткөндө Өткүргө турмушка чыктым. Баягы жокчулук турмуштан кутулдум. Бирок, көңүлүмө эч нерсе жакпай, өзумдү бактылуу сезе албай койдум. Акыры бир чечимге келип, 4 ай өткөндө Өткүргө ажырашалы дедим. Апасы мени башында эле жактырган эмес, ал билдирбей кубанып жатканын сезип турдум. Өткүр болсо менин сөзүмдү олуттуу кабыл албай, “кайдагыны айтпачы, баары сонун го” — деп сөзүмдү аягына чейин укпай, сыртка чыгып кетти. Кайненем болсо “жашагың келбесе ажырашкыла, балалуу болсоңор балага кыйын болот, дагы жакшы ортодо бала жок” — деп саймедиреди.
Башында болбогон нерсе аягына чейин болбойт өңдөнөт, ошентип ортодо чайналып жүрүп акыры ажыраштык. Өткүр ошондо катуу ыйлады, ал тургай мага бакыт каалагандын ордуна бактысыз болушумду тилеп, “төрт тарабың кыбыла” — деп үйгө жеткирип койду.
Өзүм иштеп кеткен кафеге кайра келип ишке орноштум. Кайра баягы кызыктуу күндөр, ызы-чуу түндөр, жаштык, мастык…
Бир күнү жумушта отурсам, жашы кырктарга таяп калган байке келди, аркасынан достору кирип келишти. Дароо эле тиги байке көздөрүмө жылуу учурап, аны карап алып өзүнчө бактылуу боло баштадым. Кыздарга айтып өзүм тейлемей болдум. Мени менен жылуу учурашып, атымды сурап, буйрутмасын берип жатты. Көзүмдү албай карадым окшойт, жанындагы достору тамашалап каткырып калышты. Кафе жабылаар маалда телефон номеримди сурады, кубанганыман дароо эле телефонуна жазып бердим.
Күн алыс баарлашып, эс алуу күндөрү чет жакка чыгып эс алып жүрдүк. Бир байкаганым, кечинде телефонун өчүрүп салчу, эмнеге деген суроолорума “уйкум бузулса кайра уктай албайм” деген баналдуу жообу даяр болчу. Ага башында ишенип жүрдүм, бирок ал сөзү калп болуп чыкты. Менин жактырган адамымдын жубайы, 2 баласы бар эркек экен. Аны мен жубайы менен келип тамактанып кеткенинде билдим. Көрсө, экөөбүздүн жазышканыбызды анын аялы билип калыптыр. Анан атайы мен иштеген жерге аялы “мен бармын” дегени келиптир. Аялы мага унчуккан жок, бирок Данияр байке аябай кыжалат болду. Алар кеткенден кийин өзүмдү аябай жаман сездим, кыялдарымдын баары урап жок болду. Өмүрумдө биринчи жолу бактылуу болдум, ал да көпкө созулган жок.
Бирок, мен бул бакыттан ажырагым келбейт, ошол үчүн Данияр байке үчүн, бакытым үчүн күрөшүүгө даярмын. Ар бир аял бактылуу болуш керек, анын ичинде мен да бармын.
Эгер аялын сүйсө мени карамак эмес да, ошол үчүн Данияр байке экөөбүз эми бактылуу болушубуз керек.
Мен ушундай чечим кабыл алдым. Бирок туурабы, туура эмеспи билбейм, ошол үчүн кеңеш берүүңүздү күтөм.
Автор: Асель Жаныбекова
Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.