КоомКылмыш-кырсык

Кант шаарындагы заводдун аймагынан өрт чыгып, бир адам каза болду

Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн таңга маал «Кант-Курулуш» заводунун аймагында жайгашкан «Милена» ЖЧКсын тилсиз жоо каптаган. Жерине төрт күжүрмөн эсеп, беш өрт өчүрүүчү унаа, бир суу ташуучу тартылганы белгиленди.
«Өрт саат 08:10до чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өрттүн болжолдуу аянты 1500 чарчы метрди түзөт. Тилекке каршы, өрттүн кесепетинен бир кытай жараны каза болгон», — деп айтылат маалыматта.
Өрт саат 15:37де толук өчүрүлгөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button